Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Чүй облусу, Кара-Балта 07.03.2018 11:30 На русском

Кара-Балта шаарынын мэри болуп Данияр Шабданов шайланды (фото)

Turmush -  Кара-Балта шаарынын башчысы болуп Данияр Шабданов шайланды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Бүгүн, 7-мартта шаардык кеңештин сессиясына 31 депутаттын ичинен 30 депутат катышты. Алгач сессиянын башында мэриянын кызматкерлери аял депутаттарды 8-март — Аялдардын эл аралык күнү менен куттукташты. Андан соң Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимни жаңырып, депутаттар сессияны ачып беришти. Ал эми Жайыл районунун аймактык шайлоо комиссиясы депутаттарга мандаттарын тапшыргандан кийин мэрди шайлоо башталды.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Кара-балта шаарынын мэри болуп Данияр Шабданов шайланды. Ага 30 депутаттын ичинен 29 депутат өз добуштарын беришсе, ал эми бир депутат баарына каршы добушун берген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×