Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Чүй облусуЖайыл району 07.03.2018 10:57

Бөрүлүү мезгил: Э.Сеитбеков бээлерине кол салган карышкырды эки саат кубалап, таяк менен чаап өлтүрдү (фото)

Turmush -  Суусамыр өрөөнүнүн тургуну Эрлан Сеитбеков жакында эле жылкыларына кол салган карышкырды тайганы менен эки саат кубалап жүрүп, акыры аны таяк менен чаап өлтүргөнүн аймактык кабарчыга айтып берди.

Э.Сеитбеков 4 жылдан бери кышында аңчылыкка чыгып, карышкыр кармап келет.

«Мен өзүм 4 жылдан бери карышкыр кармайм. Бир күн мурун Арамза жайлоосунан капкан менен бир карышкыр кармадык. Андан кийинки күнү тайган менен дагы бир карышкырды эки саат кубалап жүрүп, аны таяк менен чаап өлтүрдүм. Мен карышкыр кармоого өтө кызыгам жана аларга өчмүн. Анткени карышкырлар жыл сайын 3-4 бээни жеп кетишет. Ушул кышта да эки бээмди жедирдим», - деди ал.

Э.Сеитбеков үй-бүлөлүү. Жубайы экөө учурда эки баланы тарбиялап жатышат. Мергенчи аңчылыктан тышкары бээ кармап, мал чарбачылык менен алектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×