Бөлүмдөр
Ишемби, 23-июнь
Чүй

Жаш талант: Шайыр балдар тобунда роль жараткан Артур спорт менен машыгат (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Новопокровка айылынын 17 жаштагы тургуну Тынарбек уулу Артур бий ийримине катышып, спорт менен да машыгып келет. Ал №1 Новопокровка орто мектебинен куралган шайыр балдар тобунда ойнойт. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

«Менин бош убактым жокко эсе. Мектептеги сабактан кийин бий ийримине катышам. Мындан тышкары оратордук ийримден да сабак алуудамын. Ошондой эле баскетбол, футбол, стол үстүндөгү теннис менен ойногонду абдан жактырам жана аларды калтырбай машыгып келем. Ошондой эле мен бала кезден куудулдукка жакынмын. Ошол себептен болсо керек, мектептен куралган шайыр балдар тобунда ойнойм. Жан дүйнөм менен берилип, өзүмө тиешелүү оюндарды аткарып берем», - деди ал.

Жаш талант 2001-жылы 20-декабрда Ысык-Ата районунда төрөлгөн.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1247
Көп окулду
×