Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 06.03.2018 12:54

Жаш талант: Дарыгер болууга даярданган А.Орозахунова облустук олимпиадада биологиядан 1-орунду алды (фото)

Turmush -  Ысык-Ата районунун Кант шаарындагы №1 мектеп-гимназиясынын 11-классынын окуучусу Амаль Орозахунова облустук олимпиадада биологиядан 1-орунду алды. Ал келечекте дарыгер болууну максат кылууда. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Мен бул олимпиадага сентябрь айынан баштап эле даярданып баштагам. 1-орунду алганымды укканда абдан сүйүндүм. Биринчи турда 2-орунду алып, капа болгом. Анын үстүнө сынактын жыйынтыгын эртеси угузушкан. Анда, тактап айтканда 2-турда 1-орунду жеӊип алдым.

Мектепте алгебра, биология, химия, физика сабактары жагат. Бардык сабактарды эң жакшы окуйм. Мектепти артыкчылык аттестат менен бүтсөм, Кыргыз-орус славян университетинде же Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында окуп, дарыгер болгум келет. Бош убактымда китеп окуганды, тарыхый жана жашоодон алынган тарбиясы бар тасмаларды көргөндү жактырам. 8-классымда кол өнөрчүлүк менен алектенчүмүн. Азыр ага убакыт жок», - деди ал.

Амаль үй-бүлөдө жалгыз кыз.

«Апам Чүй облустук китепканада эмгектенет», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×