Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 06.03.2018 12:22

Айыл турмушу: Командасы менен бирге унаа утуп алган А.Тулкиевдин көк бөрүдөгү ийгиликтери (фото)

Turmush -  Алмазбек Тулкиев 28 жылдан бери көк бөрү ойноп келген. Ал Ысык-Ата районуна караштуу Өтөгөн айылында 1976-жылы төрөлгөн. Учурда көк бөрүчү «Өтөгөн» командасынын машыктыруучусу жана айылдык кеӊештин депутаты болуп эмгектенет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

А.Тулкиев Өтөгөн айылындагы Жапаркул Алыбаев атындагы орто мектебин аяктаган. Үй-бүлөдө 10 бир туугандын бешинчиси.

«Көк бөрүнү 1990-жылдан бери ойноп келем. Үй-бүлөдө атам саяпкер жана жылкыга кызыккан киши болчу. Атамдын саяпкерлигин көрүп чоӊойдук. Мындан тышкары айылдагы улак тарткан байкелерди көрүп жүрүп кызыгуу жаралган. 16 жашымдан баштап улак тарта баштадым. Улак тартып баштагандан бери менин жашоомдо көп өзгөрүүлөр болду. Алсак, эл менен аралашып, жер таанып, дос күтүп, мекенчил сезим ойгонду. Учурда уулум Санжар мени көрүп, анын дагы кызыгуусу артып баштады.

2009-жылы айылга тай казан курулган. Айылдагы жылкыга кызыгып, ат багып жүргөн Данияр жана Сабырбек деген жигиттер: "балдар улак тартууга кызыгып жатышат, улакка кызыккан шыктуу балдардан айылга команда түзөлү. Алмаз байке, Руслан байке, Замир байке колдоо көргөзүп башында туруп бериӊиздер" деп өздөрү демилге көтөрүп жатышса, кантип колдобой коймок элек. Ошентип 2011-жылы "Өтөгөн" деген ат менен улакчылардын тайпасы түзүлдү. Тайпада Канат, Сабырбек, Данияр, Самарбек, Арген, Арсен, Замир, Анарбек, Мирлан, Руслан жана башка жигиттер ойношот. Мен башында ойночумун, бирок азыр атка минбей калгандыктан ойнобой калдым жана тайпанын машыктыруучусу болуп жүрөм. Тайпанын капитаны Канат Сатаров деген жигит», - деди ал.

Көк бөрүчү командасы менен бирге көптөгөн ийгиликтерди жаратууда.

«Өзүбүзгө тажрыйба топтоо үчүн кошуна айылдар менен ойноп жүрдүк. 21-мартта Ноорузга карата болгон улуттук оюндарда Чүй районуна барып ойноп, 2-орун алып, 15 миң сом утуп алдык. Бул биздин эӊ биринчи жеӊишибиз болуп эсептелет. Андан кийин 2016-жылы Сын-Таш айыл өкмөтүндө айылдар арасында ойноп, 1-орунду алдык. Андан соӊ Ысык-Атада райондук масштабда өткөн мелдешке 8 айыл өкмөт катышып, ал жактан да 1-орунду жеӊдик. Андан соӊ Чүй облусу боюнча турнир болуп, ага 8 райондон 8 тайпа катышкан. Биз ошол оюнда да 1-орунду алып, тайпабыз менен унаа утуп алдык. Ал унааны тайпабыздын капитаны Канат командадан сатып алган. Азыркы учурга чейин "Өтөгөн" тайпасы байгелүү орундарга ээ болуп келе жатышат.

Алгач ат менен улакчынын мүнөзү бирдей болушу керек. Экинчиден, ат менен улакчыга ар дайым машыгуу зарыл. Үчүнчүдөн, атты суутуп, даярдап, аны калыбына келтирүү керек. Ошондо гана жеңиш жылмаят.

Көк-бөрү ЮНЕСКОнун тизмесине киргенде өтө кубандым. Менде башкача сезимдер болду жана бул сезимдерди сөз менен жеткирүүгө мүмкүн эмес», - деди ал.

Алмазбек Тулкиев үй-бүлөлүү, 2 кыз, 2 уулдун атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×