Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-сентябрь
Чүй облусуАламүдүн району 06.03.2018 09:52

Аламүдүндө шаркыратмага кеткен бойдон жоголгон 18 жаштагы эс алуучулар бүгүн табылды

Turmush -  Чүйдөгү Аламүдүн районунда шаркыратмага кеткен бойдон жоголгон 18 жаштагы эс алуучулар куткаруучулар тарабынан табылды. ӨКМ билдиргендей, учурда алардын абалы канааттандырарлык.

Кечээ, 5-мартта саат 05:00 чамасында Бишкек шаарынын 2 тургуну – 1998-жылы туулган А.А. жана 1998-жылы туулган И.Т. эс алуучу жайдын (Теплые ключи) аймагындагы шаркыратмага чыгып кетишкен. Алар ошол бойдон кайтып келишкен эмес.

Алардын ата-энесинин кайрылуусунун негизинде издөө иштерин жүргүзүү үчүн бүгүн, 6-март күнү ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын куткаруу кызматынан 4 куткаруучу жөнөтүлгөн. Саат 07:40 чамасында жоголгон эки жаран куткаруучулар тарабынан табылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×