Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-сентябрь
Чүй облусуКемин району 05.03.2018 16:13

Кеминде футбол боюнча биринчиликтин жеңүүчүлөрү акчалай сыйлык менен сыйланышты (фото)

Turmush -  Кемин районуна караштуу Кичи-Кемин айылында мектеп окуучулары, ардагерлер жана айыл жаштары арасында футбол боюнча биринчилик болуп өттү.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, аталган биринчиликке 6 команда катышып, баш байгеге демөөрчү тарабынан 5 миң сом коюлду. Мелдештин жыйынтыгында, 1-орунду жеңген командага 2,5 миң сом, 2-орунга татыктуу болгон командага 1,5 миң сом, ал эми 3-орунга ээ болгон командага 1 миң сом, 4-орунду алган командага 500 сом берилди. Ошондой эле, айыл өкмөт тарабынан кубок жана грамоталар тапшырылды.

Мелдеш жаңы ачылган Қаныбек Осмоналиев атындагы резервдик мектебинде болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×