Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-июнь
Чүй

Кеминдик спортчу А.Таштанбеков таяк тартыш боюнча Арнольддун турниринде 1-орунду багындырды (фото)

Turmush -  Кыргызстандын оор атлетика боюнча чемпиону Азат Таштанбеков таяк тартыш боюнча эл аралык турнирде 1-орунду багындырды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, эл аралык турнир Америкада «Арнольд классик» бодибилдинг сынагынын алкагында өткөн.

Белгилүү актер Арнольд Шварценеггер «Арнольд классик» бодибилдинг сынагын 1988-жылы негиздеген. Бул спорттук иш-чара Огайо штатынын Колумбус шаарында жыл сайын февралдын аягы же марттын башында өткөрүлүп келет.

Кыргызстандын оор атлетика боюнча чемпиону Азат Таштанбеков 2 жылдан бери жаш спортчуларды машыктырууда.

Өзүнүн айтымында, 1996-жылы Кемин районуна караштуу Орловка шаарында төрөлгөн.

«Ошол эле Орловкадагы №1 мектепти аяктагам. Азыркы учурда Дене тарбия академиясында 2-курста окуйм. Бишкек шаарында жаш спортчуларды машыктырам. 25 окуучум бар», - деди ал.

Ал оор атлетика боюнча Кыргызстандын чемпиону аталып, таяк тартыш боюнча дүйнөлүк чемпионатта 3-орунга ээ болсо, К.Осмоналиевдин эл аралык турниринде чемпион аталган. Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында таяк тартыш боюнча 3-орунга ээ болгон.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4385
Көп окулду
×