Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 05.03.2018 12:51

Ысык-Атада Ак калпак күнү белгиленди (фото)

Turmush -  Ысык-Ата районунун Кант шаарында Ак калпак күнү белгиленди, деп билдирди аймактык кабарчы.

Ысык-Ата райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Салтанат Мамбетмусаеванын айтымында, иш-чара жөө жүрүш, флешмоб жана патриоттук маанайдагы концерт, тасма менен коштолду. Иш-чарага акимдин орун басарлары Мидин Алыбаев, Эльмира Медетова катышты.

«Иш-чараны райондук маданият бөлүмү менен билим берүү бөлүмү уюштурушту. Катышуучулар 2 чакырым аралыкка чейин жөө жүрүш жасашты. Ал эми, флешмобдун жеӊүүчүлөрүнө райондук администрация тарабынан 2 миң сом, дипломдор тапшырылды», - деди ал.

Ошондой эле, Ысык-Ата районуна караштуу Кеӊ-Булуӊ айыл аймагында Ак калпак күнү белгиленди. Иш-чарага келген конокторго мектеп окуучулар тарабынан даярдалган чакан программадагы концерт тартууланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×