Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 05.03.2018 09:59

Айыл турмушу: 36 жылдык өмүрүн билим берүүгө арнаган Г.Нарынова Антальяга жолдомо утуп алды (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Өтөгөн айылынын 56 жаштагы тургуну Гүлмира Нарынова 36 жылдан бери билим берүү тармагында эмгектенип келет. Ал жакында эле Антальяга жолдомо утуп алды. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Өлкөбүздөгү белгилүү бир фирма жыл сайын лотерея ойнотуп турат. Быйыл биз Антальяга бир билет утуп алдык. Бир топ жылдан бери үй-бүлөм менен бирге айылда чакан дүкөн иштетебиз. Ошол үй-бүлөлүк мээнетибиз кайтты. Дагы бир билет сатып алып, жолдошум экөөбүз эс алууга барып келели деп жатабыз. Кудайым буюрса, 20-апрелде Антальяга жөнөйбүз», - деди ал.

Ардактуу мугалим эмгек жолун 1982-жылы баштаган.

«Кичи-Кемин айылындагы Болот Юнусалиев атындагы орто мектебин бүтүрүп, андан соӊ Маяковский атындагы педагогикалык институтуна тапшырдым. Жолдошум менен классташтар аркылуу таанышып калгам. Чогуу жашаганыбызга 36 жыл болду. Ал абдан жакшы адам. Эстен кеткис белеги бул — ал дайыма жакшы сөздөрүн айтып, менин көӊүлүмдү көтөрүп турат. Мага мындан өткөн эстен кеткис белек жок деп эсептейм. Ал эми жаӊы келин болуп келгенде шайтан араба тээп алып айылдын медициналык пунктуна барып келсем үйдөгүлөрдүн баары күлүшкөн эле.

Эмгек жолумду 1982-жылы баштадым. Үзүрлүү эмгектин арты менен бир топ сыйлыктарга татып, «Эл агартуунун отличниги» наамына татыктуу болдум. Учурда Ысык-Ата районундагы Жапаркул Алыбаев атындагы орто мектебинде адеп предметинен сабак берем», - деди ал.

Г.Нарынова 1962-жылы 12-майда Чүй облусундагы Кемин районуна караштуу Кичи-Кемин айылында жарык дүйнөгө келген.

«Үй-бүлөдө 6 бир тууганбыз. Мен экинчиси болом. Ал эми жолдошум экөөбүздүн 2 уул жана 2 кызыбыз бар. Балдарымдын баары үй-бүлөлүү болушту. Эң кенжебиз Азамат Воронцовка айылындагы гимназияда 5-класста окуйт», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×