Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Чүй облусуСокулук району 02.03.2018 13:32 Жаңыланды: 02.03.2018 14:11

Депутат менен чогуу камалган айыл башчы: Д.Райымкуловдун жакындары өлкө башчыдан анын ишин көзөмөлгө алууну суранат

Turmush -  Сокулук районундагы Гавриловка айыл өкмөтүнүн мурунку башчысы Деӊиз Райымкуловдун айылдаштары, жакындары анын камакка алынышы тууралуу өлкө башчысына кайрылышты. Алар элдин пикирин эске алуу менен Д.Райымкуловдун ишин адилеттүү карап, көзөмөлгө алууну суранышат.

Буга чейин Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев менен чогуу 2 жаранды дагы камакка алган. Алардын бири Сокулук районуна караштуу Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Раимкулов болчу.

Кыргыз Республикасынын
президенти С.Ш.Жээнбековго

Кайрылуу

Урматтуу Сооронбай Шарипович, Сизди тереӊ урматтоо менен жогорку даражалуу кызматыӊызга ийгиликтерди каалап, жалпы журтубузга акжолтой ажо болуӊузду тилейбиз!

Байыртадан ата-бабаларыбыз кыйын кезеӊ учурларда Жараткандан биримдик тилеп, туу көтөрүп, жалпы элдик адилеттүү курултайларды өткөрүп, ажолорду тандап келишкен. Журтубуздун тарыхында ажолорду шайлоо процесстери, биригүү менен ынтымактын, жаӊылануунун символу болгон. Андыктан Айкөл Манас атабыздын хан болуп шайланышы кыргыз улуту эмес, Орто Азияны бириктиргени улуу легенда катары улуттук көөнөрбөс түбөлүктүү мурас бойдон калууда.

Урматтуу Сооронбай Шарипович, жалпы элдин ишенимине татыган жоопкерчиликтүү милдетиӊизди, адилеттүүлүк менен аткарып, ата-бабалар жолун аруулап, кыргыз көчүн улантып, жалпы журтубузду биримдикке, ынтымакка алып келүүгө Сизге элдин ишеними зор.

Азыркы мезгилдин өкүнүчтүү көрүнүшүнө, шайлоолордун түп тамырынан бери байыркы таза табигатын өзгөртүп, журтубузга жат болгон баалуулуктар менен коштолуп, эл ичиндеги ынтымак мамилесине жик салгандыгына күбө болуудабыз. Натыйжада элибиздин керегине жарап, кызмат өтөп бере турган жигиттерибиздин туура эмес азгырыкка алданып, адашып кеткен учурлары кездешүүдө. Мындай терс кырдаалга каршы иш-чараларды уюштуруу баарыбыздын милдетибиз деп түшүнөбүз. Андыктан намыстуу тыӊ жигиттерибизди туура жолго салып, абийирдүү болушуна өбөлгө түзүү жаатында Сиз менен чогуу аракеттерди жасоого тилектешбиз.

Урматтуу Сооронбай Шарипович, айыл өкмөт башчысы катары ийгиликтүү иштеп, мамлекеттик кызматтарда эл эмес, коомдук деӊгээлде дагы кайрымдуулук иштерин жасап келген жигитибиз Райымкулов Деӊиздин жалаа менен камалып калган маселесин элдин пикирин эске алуу менен адилеттүү карап берүүнү өзүӊүз көзөмөлгө алууӊузду суранат элек. Сокулук районунун тургундары бул жигитти жакшы жагынан гана билишет, анткени Д.Райымкулов жеке демилгеси менен өспүрүм балдарды спорт жагында дагы тарбиялап машыктырчу. Мындай керектүү, тыӊ жигиттерибиздин адилетсиздиктин кесепетинен абакка камалып кетиши келечекте мамлекетке эле эмес коомчулукка дагы моралдык деӊгээлде терс таасирин тийгизери анык. Дүйнөлүк тарыхта бир дагы коомдун зулумдук-жазага тартуу менен өнүгүп-өсүп кеткенин мисал катары кездештирүү мүмкүн эмес. Ал эми улуу эл башчылардын айкөлдүгү, адилеттүүлүк, кечиримдүүлүк менен ийгиликке жеткени тууралуу кыйла мисалдар бар. Андыктан абалтадан ата-бабаларыбыз баардыгынан абийир сотун жогору баалашкан, айыптарын мойнуна алгандарды абакка камоо түшүнүгү болгон эмес. Мындай шарт болгон учурда адашкандардын өз айыбын оӊдоп, журтчулуктун ишенимин арттыруу мүмкүнчүлүгү жакшы жыйынтыктарды гана берген.

Урматтуу Сооронбай Шарипович, элибизде «Жакшылыкка жакшылык — ар адамдын милдети, жамандыкка жакшылык — эр адамдын милдети» деген тереӊ сөзгө таянып, Сизден чыныгы айкөлдүк менен жасалган аракеттерди күтөбүз.

Сизди тереӊ урматтоо менен академик, коомдук ишмер К.Алымкулов, ардагер М.Жумагулов, коомдук ишмер О.Шаршенов, коомдук ишкер А.Чыныбаев, ардагер К.Шеримбаев, жеке ишкер Ж.Мамбетов, жеке ишкер Т.Раймалиев, жеке ишкер С.Күчүков.

Кайрылуу өзгөртүүсүз берилди

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×