Бөлүмдөр
Ишемби, 23-июнь
Чүй

Аламүдүндүн Кара-Жыгач айылында этнос аралык мамилелерди чыӊдоо боюнча жыйын өттү (фото)

Turmush -  Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айыл аймагында диний экстремизмге жана терроризмге каршы туруу, райондогу диний кырдаалды аныктоо, элдин биримдигин жана этнос аралык мамилелерди чыӊдоо боюнча жыйын болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, жыйынга Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин өкүлү Өмүрбек Байгазиев, Аламүдүн райондук администрациясынын социалдык секторунун адиси Рамис Өмүрбеков, райондук имам хатибдин орун басары Марс Жумакунов, Аламүдүн райондук коомдук кабылдамасынын жооптуу катчысы Айдар Кадыралиев, райондун билим берүү бөлүмүнүн адиси Светлана Бекенова, айыл аймактын жашоочулары жана мектеп окуучулары катышты.

Жыйында көптөгөн маселелер каралып, өзгөчө жаш муундарга ата-энелер жана мугалимдер тарабынан диний экстремизм жана терроризм, элдин биримдиги тууралуу түшүндүрүү иштери жүрүп турушу керектигин талкуулашты. Райондук имам-хатибдин орун басары Марс Жумакунов окуучуларга сабак учурунда жума намазга сабакты таштап кетип калуусу туура эместигин жана шариятта эгерде билим алып жаткан убакыт намаз убактысына туш келсе ошол билимиӊ намаз окуганга барабар экендигин түшүндүрдү. Тургундар мектеп программасына динди түшүндүрүү сабагын киргизүүнү сунушташты. Бирок бул маселе мамлекеттик деӊгээлде чечилиши керектиги ачыкталды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1026
Көп окулду
×