Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Чүй облусу, Кара-Балта 02.03.2018 08:21

Кара-Балтада пенчак силат боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт

Turmush -  Кара-Балта шаарында 9-11-март күндөрү пенчак силат боюнча Кыргызстандын чемпионаты жана биринчилиги өтөт. Бул тууралуу Пенчек силат федерациясынын президенти Каныбек Бикбоев билдирди.

Анын айтымында, чемпионатка өлкөнүн бардык облустарынын спортчулары катышат. Таймаш өспүрүмдөр арасында болуп, анын жыйынтыгы менен 23-29-апрель күндөрү Таиландда өтө турган дүйнө чемпионатына катышууга курама команда түзүлөт.

Ошондой эле, таймаштын жыйынтыгы менен Азия оюндарына бара турган спортчулар тандалып алынат.

Буга чейин Жакарта шаарында 8-18-февраль күндөрү пенчак силат боюнча өткөн Азия турниринде кыргызстандык спортчулар жакшы жыйынтык көрсөтүп, 4 лицензия утуп алган болчу. Пенчак силат боюнча дүйнөлүк федерация Кыргызстанга Азия оюндарына катышуу үчүн ар кандай салмак даража боюнча кошумча орундарды бөлүп берген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×