Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 01.03.2018 10:58

Айыл турмушу: Айылдаштары менен чогуу 4 тилде сүйлөгөн Ж.Сулайманов дүйнөдөгү эң кооз куштарды багат (фото)

Turmush -  Ысык-Ата районундагы Миляфан айылынын 46 жаштагы тургуну Жетимишбай Сулайманов өзгөчө кооз куштарды бакканды жактырат. Ал павлиндердин өзгөчөлүгүн аймактык кабарчыга айтып берди.

Жетимишбай Сулайманов Ысык-Ата районунун Милянфан айылында 1972-жылы төрөлгөн. Үй-бүлөлүү, 5 кыз жана 1 уулдун атасы.

Эмнегедир жан дүйнөмө өзгөчө жандыктар жагат

Эсимде, тээ бала кезде тайгандын түрүн бактым. Азыр тайгандын күнгөй-тескейин жакшы эле билем. Мергенчиликти таштап койгонума он жылдай болуп калды. Ошондон бери тайган бакпай калдым. Азыр болсо павлиндерди багып жүрөм. 4 павлиним бар эле, экөөнү саттым. Колго көбөйтүп багууга мүмкүнчүлүк жок. Мындан сырткары таза кандуу жылкыны, уйду, койду багып жүрөм. Кээ бирөөлөр бизнес үчүн багып жатабы деп ойлошу мүмкүн. Жок, бизнес үчүн эмес, жөн гана жагат.

Союз мезгилинде жуп павлиндер бир унаанын баасы болгон

Учурда павлиндер Кыргызстанда көбөйүп калды. Он бешке чейин көбөйтүп баккандар бар. Бул өтө көп деп эсептелинет. Себеби, бир павлин алтымыштын тегерегинде жөжө басып чыгарат.

Мисалы, павлиндерди Алматыдан бери келип сатып алып кетишет экен. Союз мезгилинде болжол менен 1970-1980-жылдары бир эркек, бир ургаачы павлин бир унаанын акчасы болчу. Анткени сырттан бизге көп келчү эмес. Мен Кавказда аскердик милдетимди өтөп жүргөндө, ошол жактан Самарканд жана башка жерлерден айдап келген унаасын павлинге айырбаштап алып кетишкенин уккам. Таза кандуу жылкылар деле 1990-жылдары бир үйдүн баасы болчу. Азыр болсо ар бир экинчи үйдө таза кандуу жылкы бар. Ошол сыяктуу эле павлиндер азыр көбөйүп калды.

Павлиндин этин жесе болобу?

Мен дагы ушул суроону бир павлин баккан чалдан сурап калдым. Мен андан биринчи эле «павлиндин эти адалбы» деп сурадым. Ал болсо «ооба адал, бирок ушундай чанда кезиккен канаттууну кантип союп жейт элеӊ, андан көрө кардарыӊа бир койго алмашам десеӊ, сөзсүз алмашат. Ошол койду союп жесеӊ жакшыраак го» деп жооп берди. Мен чын эле павлиндин этин жеп көргөн эмесмин. Кебетеси үндүккө окшоп тургандыктан этинин даамы деле ушул канаттуунун этинин даамына эле окшош болсо керек.

Павлиндин үндүктөн эмне айырмасы бар?

Бул бир караганда кадимки эле үндүк. Жүрүм-туруму, мүнөзү бүт окшош. Ал тургай кичинекей кезинде дагы үндүктүн эле элесин берет. Анткени ошол үндүктөй алсыз болушат. Бирок үндүктөй чоң эмес. Павлин 4-5 килограмм салмактай көрүнөт. А бирок, колуӊа алсаӊ 2 килограмм эле болот. Жумурткасынын формасы деле үндүктүкүндөй. Болгону түсү ак же сары болот. Үндүк сыяктуу 26 күндө жөжө басып чыгарат.

Эркектери 3 жаштан кийин гана ургаачыга жарамдуу болот

Куйруктары жаш курагына жараша узарып чоӊойот. Мисалы, 3 жаштагы эркек павлиндин куйругу узун болот жана улам жашы жогорулаган сайын баасы кымбат болот. Анткени алар 3 жаштан өтүп ургаачыга жарамдуу боло баштайт. Ал эми ургаачысы 2 жаштан өтүп жумуртка тууйт. Биздин кыргыз тооктор бир жылдан кийин эле жумуртка тууп, короозу тоок кубалап жүрбөйбү.

Павлиндерди багуу өтө жеӊил

Кадимкидей эле тоокко берген жемден беребиз. Ал тургай карабай койсоӊ деле өз жандарын багып жүрө берет. Бул негизинен түштүк өлкөлөрдөн келген канаттуу да. Бирок кыштан коркпойт экен. Тактап айтканда өзгөчө деле көңүл буруп кароонун кереги жок.

Жакында алтын кыргоол жана румын кыргоолун багууну көздөп жатам

Биздин айылга жарай турган өтө сейрек жандыктарды багып, ошолорду өстүрөйүн деген пландар бар. Мисалы, өтө кооз алтын кыргоол жана румын кыргоолун көрүп келдим. Ошолорду сатып алайын деп жатам. Көрүнүшү абдан кооз экен. Көп канаттуу бактым. Бирок алардын арасынан тоту кушту бакпайм деген чечимге келдим. Анын көйгөйү өтө көп экен.

Биздин айылдын эли төрт тилде сүйлөшөт

Биздин айыл ушундай жандыктарды бакканга ылайыктуу. Ууру-каракчы аттуу жок. Кудай кут кылсын, көчөгө бир нерсеӊ калып калса эч ким тийишпейт. Айылда жашаган ар бир улут кыргыз, орус, казак жана дунган тилдеринде таза сүйлөшөт. Мен да ушул 4 тилде эркин сүйлөйм. Анткени бала кезден ушул айылда өсүп-чоӊойдум. Айыл элинин 96 пайызы дунган эли болсо да абдан ынтымактуубуз. Айылда 3 чоӊ мечит бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×