Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-сентябрь
Чүй облусуАламүдүн району 01.03.2018 08:20

Аламүдүндө алдамчылыкка шектелген ысык-аталык тургун кармалды

Turmush -  Аламүдүн районунда алдамчылыкка шектелген Ысык-Ата районунун 36 жаштагы тургуну кармалды.

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 12-январь күнү Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө Бишкек шаарынын 28 жаштагы Д.А. аттуу жашоочусу арыз менен кайрылып, 2017-жылдын ноябрь айында Максат аттуу адам анын ишенимине кирип, «Форд-Фокус» үлгүсүндөгү автоунаасын ижарага алып, бүгүнкү күнгө чейин унаасын кайтарып бербей жүргөнүн билдирген. Бул окуя боюнча Алмүдүн РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Аламүдүн райондук милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-аракеттеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары Ысык-Ата районунун 36 жаштагы К.М. аттуу тургуну кармалып, Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына камакка алынган.
Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×