Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Чүй облусуАламүдүн району 28.02.2018 19:55

Аламүдүн районунда мал уурдоого шектелип мурда соттолгон кеминдик тургун кармалды

Turmush -  Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 15-февралда Сокулук районунун Чат-Көл айылынын 32 жаштагы Ч.Б. аттуу жашоочусу Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылып, 14-февраль күнү кечинде Арчалы айылында жайгашкан сарайынан бир баш жылкысын белгисиз адамдар уурдап кетишкенин билдирген. Бул окуя боюнча Алмүдүн РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (мал уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

ИИМдин, Чүй ОИИБдин жана Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары мурда соттолгон Кемин районунун 31 жаштагы Т.А. аттуу тургуну кармалып, Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×