Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Чүй облусуМосква району 28.02.2018 17:47

Москва районунда уюлдук телефон уурдоого шектелген адам кармалды

Turmush -  Москва районунда уюлдук телефон уурдоого шектелген адам кармалды. Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 21-февраль күнү Москва районунун ички иштер бөлүмүнө Сретенка айылынын 29 жаштагы жашоочусу О.Б. арыз менен кайрылып, 10-январда болжол менен саат 22:00 чамасында үйүнө белгисиз адамдар кирип, уюлдук телефонун уурдап кеткенин билдирген. Келтирилген материалдык чыгым 8000 сомду түзгөн. Бул окуя боюнча Москва РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

«Ууру» рейдин жүргүзүү учурунда Москва РИИБдин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү делген 31 жаштагы К.Ч. адам кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×