Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Чүй облусуПанфилов району 28.02.2018 14:09

Панфилов районунда бейбаштык кылган адам кармалды

Turmush -  Панфилов районунда Кайыңды шаарындагы тургундун үйүнүн терезелерин талкалап, бейбаштык кылган адам кармалды.

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 14-февраль күнү Панфилов районунун ички иштер бөлүмүнө Кайыңды шаарынын 44 жаштагы Г.О. аттуу жашоочусу арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 14-февраль күнү болжол менен саат 14:00 чамасында үйүнө чала тааныш Владимир аттуу киши келип, ээнбаштык кылып, үйүнүн терезелерин талкалап, окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткенин билдирген. Арыз ээсине 35 миң сом материалдык чыгым келтирилген. Бул окуя боюнча Панфилов РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Панфилов РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектелип, 42 жаштагы Д.В. аттуу жергиликтүү тургун кармалган. Териштирүү учурунда мурда бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылганы маалым болду. Шектүү Панфилов РИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×