Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Чүй облусуМосква району 01.03.2018 08:00

Айыл турмушу: Төөнүн жүнүнөн ат жабдыктарын жасаган Т.Мырзаева өнөрдү кайненесинен үйрөнгөн (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Москва районуна караштуу Беловодск айылынын тургуну Толгонай Мырзаева төөнүн жүнүнөн ат жабдыктарын жасайт. Ал бул өнөрдү кайненесинен үйрөнгөн. Анын эмгектерин аймактык кабарчы көрүп келди.

«Ат жабдыктарды төөнүн жүнүнөн жасоо татаал болот. Илгери колунда барлар гана төөнүн жүнүнөн ат жабдыктарын жасашчу экен. Бул жылуу жана ден соолукка пайдалуу болсо керек. Азыр төөнүн жүнүнөн бут кийим да жасап жүрүшөт. Ал жылуу жана жумшак келет. Бул ат жабдыктарын ыраматылык кайненем экөөбүз мындан 10-15 жыл мурун жасаганбыз», - деди ал.

Кол өнөрчү мектепте 20 жылдан бери үзүрлүү эмгектенип келет. Ал медицина тармагында да билим алган.

«Мектепти бүткөн кийин медициналык орто окуу жайга баргам. Аны бүтүрүп, бир топ жерде медицина тармагында иштедим. Анда СССР жаӊы тарап, айлык акыбыз аз болчу. Ага карабай күнү-түнү эмгектенип жүрдүк. Бирок жолдошум "кыйналат экенсиӊ, башка окууга тапшыртайын" деп мени ушул мугалимдик окууга тапшыртып койду. Учурда айылыбыздагы мектепте математика сабагынан окуучуларга билим берем.

Ал эми кол өнөрчүлүк менен бала кезден бери алектенем. Кичинекей кезибизде апаларыбыз бизге сайма саюуну үйрөтүшкөн. Атам дагы уста, ат жабдыктарын жасачу. Жолдошум экөөбүз баш кошкондо бизге жүгөн белек кылган. Апам дагы кол өнөрчү болгон», - деди ал.

Толгонай Мырзаева 1972-жылы төрөлгөн. Үй-бүлөлүү, 2 уул жана 3 кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×