Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Чүй облусу, Кара-Балта 28.02.2018 10:55

Кара-Балта шаарынын мэри болууга жалгыз талапкер катталды

Turmush -  Чүй облусундагы Кара-Балта шаарынын мэрин шайлоо 7-мартка белгиленген. Аймактык кабарчыга маалымдалгандай, мэрликке талапкерлердин документтерин кабыл алуунун мөөнөтү кечээ, 27-февралда аяктады.

Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, белгиленген мөөнөттө талапкер болуп мэрдин милдетин аткаруучу Данияр Шабданов гана каттоодон өттү.

Мэрди шаардык кеңештин 2018-жылдын 28-январында шайланган депутаттары шайлайт.

Д.Шабданов

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×