Бөлүмдөр
Ишемби, 23-июнь
Чүй

Айыл турмушу: Кол өнөрчү З.Токтошова кыздын себин 20 миӊ сомго жасайт (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Москва районуна караштуу Петровка айылынын 53 жаштагы тургуну Зиябү Токтошова кол өнөрчүлүк менен он жылдан бери алектенип келет. Анын 5 кызы да өзүн тартып кол өнөрчү болушкан. Анын эмгектерин аймактык кабарчы көрүп келди.

«Кол өнөрчүлүккө биротоло аралашып иштеп жатканыма он жылдан ашты. Негизи бул кол өнөрчүлүк бизге апабыздан калган. Ал киши ишмер адам эле. Апамдын 11 баласы болгон, анын ичинен алтоосу кыз. Ошол 6 кыз теӊ кол өнөрчү болдук. Менин да 5 кызым бар. Ал бешөө теӊ кол өнөрчү, баардыгын жасашат. Жолдошум дагы кол өнөрчү эле, мындан 3-4 ай мурун каза болуп калды. Ушул кол өнөрчүлүктүн арты менен кыздарды окутуп жатабыз. Өзүбүз Ош облусунан Чүй өрөөнүнө көчүп келгенибизге он жылдан ашты», - деди ал.

Зиябү апа кыздын себин орточо баа менен 20 миӊ сомго жасап берет.

«Бааны кездеменин кымбаттыгына, жумуштун татаалдыгына жараша бычабыз. Кыздын себин орточо эсеп менен 20 миӊ сомдун тегерегинде жасап берем. Мындан сырткары кийим, төшөк тигип, боз үйдүн ички жана сырткы жасалгаларын жасап, сайма сайып, курак курап, кийиз жасап, шырдак шырганды, оюу ойгонду билем. Келечекте кыздарым менен чогуу дүкөн ачсакпы деген максатым бар», - деди ал.

З.Токтошова 1965-жылы Ош облусунун Алай районунда төрөлгөн.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1220
Көп окулду
×