Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-сентябрь
Чүй облусуЖайыл району 27.02.2018 14:42

Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу үчүн 47 райондук техконсультант окуудан өтүүдө (фото)

Turmush -  Кыргызстанда айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу үчүн жумушка кабыл алынган 47 райондук техникалык консультанттар үчүн окутуулар башталды. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине караштуу Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, тендер январь айында өткөзүлүп, сынакка жалпысынан 190 адам катышкан. Эки техконсультант Чүй жана Талас облустарында облустук деңгээлде иш алып барышат, ал эми калганы райондук деңгээлде иштешет.

«Бишкек шаарында жаңы кабыл алынган техникалык консультанттар үчүн тренингдер башталды. Окутуу 26-февралдан тартып 1-мартка чейин министрликтин кызматкерлери тарабынан өткөрүлөт. «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү - 1» долбоору боюнча 13 адис Ысык-Көл жана Нарын облустарында, «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү - 2» долбоорунун алкагында 18 адис Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында жана «Жайыттарды жана мал чарбачылыкты башкарууну жакшыртуу» долбоору боюнча 16 адис иш алып барат. Ар бир техконсультант жайыт пайдалануучу бирикмелери менен иштеп, жайыттарды пайдалануу жана башкаруу боюнча жамааттык планды даярдоого, жайыттарга мониторинг жана баалоо жүргүзүүгө, жайыт пайдалануучулар арасында жаңы технологияны таратууга жардам беришет», - деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, жаңы жумушка алынган райондук техконсультанттар тренингде өздөрүнүн аткара турчу иштеринен баштап, жайыт пайдалануучу бирикмелер менен кантип иш алып баруу керектигин үйрөнүшөт.

Тренингдин алкагында Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнүн директорунун милдетин аткаруучу Сапарбек Тынаев айыл чарбасында ишке ашырылып жаткан долбоорлор боюнча маалымат берип жатып, жайыттарды туура пайдаланууда техникалык консультанттардын жардамы абдан чоң экендигин белгиледи.

«Буга чейин Чүй жана Талас облусунда иштеп келген техконсультанттар абдан жакшы жыйынтык беришти. Эми башка облустарда дагы өсүштөр болот деген ишеничтебиз», - деди С.Тынаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×