Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-сентябрь
Чүй облусуМосква району 27.02.2018 13:49 На русском

Таза кандуу уйларды баккан фермер: 16 жаштагы Ф.Райымбердиев байлаган 1,5 жаштагы букалар 1 тоннадан ашат (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Москва районундагы Беловодск айылынын 16 жаштагы тургуну Фарид Райымбердиев атасы менен бирге таза кандуу букаларды байлап, сүттүү уйларды багып келет. Элеттик фермер менен аймактык кабарчы таанышты.

Жаш фермер Чүй облусунун Москва районуна караштуу Беловодск айылында 2002-жылы төрөлгөн.

«Атам 2013-жылдан бери жалаӊ таза кандуу уйларды багып келе жатат. Сүрөттөгү ак түстөгү бука 1,5 жашта, салмагы 1 тонна. Мунун атасынын салмагы 2 тоннадан ашкан болчу. Эми атасын тартып 3 жашка чыкканда 2,5 тоннага чейин салмак алат. Чарбабызда сүттүү уйларыбыз да бар. Аларды сатпайбыз. Ал эми букаларды байлап, семиртип убактысы келгенде сатып, кайра ордун толуктап турабыз. Негизи бука 100-150 килограмм салмак менен туулат», - деди ал.

Жаш фермер буканы семиртүүнүн жолдорун айтып берди.

«Негизи бука таза кандуу тукумдан болушу керек. Бул кадимки букалардай эле чөп, жем жейт. Болгону өз убагында карап, багыш керек. Ошондой эле кышында жылуу, жайында салкын кармаса да бука жакшы семирет», - деди ал.

Фариддин атасы Абдулланын айтымында, уулуна келечекте айыл чарба багытында билим алуусуна шарт түзүүдө.

«Эки уулум, үч кызым бар. Фарид мал чарбачылыгына кызыгып жүрөт. Ага ушул багытта билим алып, чет өлкөлөрдөн тажрыйба топтоп кел деп кеӊешимди берип жатам. Келечекте фермабызды чоӊойтуп, чет өлкөлөрдөн таза кандуу уйларды алып келсек деген пландарыбыз бар», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×