Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-сентябрь
Чүй облусу, Токмок 27.02.2018 12:59

Токмокто 17 жаштагы жигит унаа уурдоого шектелип кармалды

Turmush -  Токмок шаарында 17 жаштагы тургун унаа уурдоого шектелип кармалды.

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 2017-жылдын 24-ноябрь күнү Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнө 34 жаштагы К.Т. аттуу жергиликтүү тургун кайрылып, 23-ноябрда болжол менен түнкү саат 23:30дар чамасында Токмок шаарындагы кичи райондордун биринде токтоп турган «Фольксваген Жетта» үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз бирөөлөр айдап качып кеткенин билдирген. Бул окуя боюнча топтолгон материалдардын негизинде Токмок ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренеси (автоунаа каражаттарын укукка жат түрдө ээлеп алуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Токмок шаардык милиция кызматкерлери ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзгөн учурда кылмышка шектүү катары Токмок шаарынын 17 жаштагы Б.С. аттуу жашоочусу кармалып, жоголгон автоунаа шаардын четинен табылып, ээсине кайтарылып берилген. Кармалган жигитке карата Токмок шаардык соту эч жакка кетпөө чечимин кабыл алган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×