Бөлүмдөр
Ишемби, 23-июнь
Чүй

Айыл турмушу: Ооруктун ардагери И.Сулайманов союз маалында бөтөлкөгө чапталган кымыз жасаган (фото)

Turmush -  Чүй районунун 88 жаштагы тургуну Ишенаалы Сулайманов Улуу Ата Мекендик согуш учурунда оорукта эмгектенген. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Ишенаалы Сулайманов союз маалында жетекчилик иштерде эмгектенип, 1969-1970-жылдары бөтөлкөгө чапталган кымыз жасаган.

«Менин ата-тегим Чүй районунун Кызыл-Аскер айылынан болушат. Бирок атам каза болуп, апам төркүнүнө Чоӊ-Кеминдин Калмак-Ашуу айылына барыптыр. Анда мен энемдин курсагында экенмин. Мына ушул айылда төрөлүп, ушул жерде өстүм. Жакында Шабдан баатыр атындагы мектепке 100 жыл болуп, мааракеси белгиленди. Мен ушул мектепте билим алдым. 8-класстан кийин Фрунзедеги №5 орто мектепке кирип, аны аяктаган соӊ Айыл чарба институтунан мал дарылоо кесибин аркалап чыктым.

Мен төрөлгөн жылдары көпчүлүк адамдардын туулган күнү, айы, жылдары так жазылган эмес. Өздүгүн тастыктоочу документтери кеч берилип, ар кимдики болжолдуу түрдө жазылып калган. Ошол сыяктуу эле менин да туулган жылым 1930-жылдардын тегерегине барып такалат», - деди ал.

Ишенаалы ата согуш убагында оорукта иштеп, азап күндөрдү башынан кечирген.

«Чоӊ-Кеминде мектепте окуп жүргөндө тылда эмгектендик. Бир далай азап күндөр өттү. Мен окууга да, ишке да жетишип жүрдүм. Кийин институтта аскердик кафедрадан да окудук. Анда бизди Алматага аскердик машыгууга жиберип турчу. Окууну бүткөн соӊ Кочкор районунун Чолпон айылына барып, мал доктур болуп эмгектендим. Кийин Кочкор менен Чолпон биригип, мен райкомдун секретары болдум. Кийин комсомолго кетип, андан ары Беловодск айылындагы эт комбинатка директор болдум. Көп өтпөй Москва району менен Беловодск биригип, райкомдун 2-секретары болуп кызматка келдим. Андан соӊ Таласка барып, Кайыӊды совхозго директор болуп, кийин 1969-жылы кайрадан өсүп-чоӊойгон жерим Чоң-Кеминге кайтып барып, совхоздун директору болдум. Миӊдеген жерлерди иштеттик. Ошол кезде өлкө боюнча эӊ алгачкы жолу бээни аппарат менен саап, бөтөлкөгө чапталган кымызды жасап, Москва шаарына чейин жеткирдик», - деди ал.

И.Сулайманов үзүрлүү эмгегинин арты менен Эмгек Кызыл Туу орденин алган. Анын 3 кыз, 1 уул, 13 небере жана 6 чөбөрөсү бар.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 894
Көп окулду
×