Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Чүй облусу, Токмок 26.02.2018 12:05

Токмокто Нооруз майрамына карата футзал боюнча чемпионат өтөт

Turmush -  Чүй облусунун Токмок шаарында Нооруз майрамына карата футзал боюнча чемпионат өтөт. Бул тууралуу аймактык кабарчыга уюштуруучулардын бири Сатыбалды Жунушалиев билдирди.

«Токмок шаарынын мэриясы менен биргеликте уюштуруп жатабыз. Бул чемпионаттын максаты — улут аралык ынтымакты бекемдөө, футзалды өнүктүрүү жана аны даӊазалоо. Мелдеш 3-мартта башталып, ага катышуучу командалардын тизмеси 1-мартка чейин кабыл алынат. Байгени жакшы коелу деп, учурда демөөрчүлөр менен сүйлөшүп жатабыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×