Бөлүмдөр
Ишемби, 23-июнь
Чүй

Токмокто ата-энелер үчүн китеп окуу сынагы өткөрүлдү (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Токмок шаарындагы «Үмүт» кыздар лицейинде ата-энелер үчүн китеп окуу сынагы өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган лицейдин химия мугалими Гүлсана Давляева билдирди.

«Сынакка 7-класстан баштап 10-класска чейин окуган окуучулардын ата-энелери катышты. Жалпы 180 ата-эне болсо, анын ичинен 101и аталган сынакка катышып, жеңүүчүлөргө ардак баракчалар тапшырылды. Сынактын негизги максаты — ата-энелерди окуучуларга үлгү катары көрсөтүү. Ата-энелер патриоттук, психологиялык китептерди окушту», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1315
Көп окулду
×