Бөлүмдөр
Ишемби, 23-июнь
Чүй

Кеминде көк бөрү мелдешинин жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктар тапшырылды (фото)

Turmush -  Кемин районунда көк бөрү боюнча өткөн мелдештин жеңүүчүлөрү акчалай сыйлыктар менен сыйланышты, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, көк бөрү оюну 23-февраль — Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата өткөрүлүп, баш байгеге демөөрчүлөр тарабынан 200 миң сом коюлду. Оюндун жыйынтыгында «Бейшеке» командасы 1-орунга ээ болуп, 70 миң сом менен сыйланды. 2-орунду «Көк-Ойрок» командасы ээлеп, 50 миң сом, 3-орунду «Карал-Дөбө» командасы алып,35 миң сом, 4-орунду «Шабдан» командасы ээлеп, 15 миң сом менен сыйланышты. Мындан сырткары, 8 командага 2 миң сом жана эң мықты эки оюнчуга 2 миң сом тапшырылды.

Сыйлыкты тапшырууга өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Улан Карагулов жана Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчиси Ж.Дүйшебаев катышты.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 842
Көп окулду
×