Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Чүй облусу, Кант 25.02.2018 16:20 На русском

Айыл турмушу: 22 жаштагы кол өнөрчү К.Баева оюнчуктардын түрүн жасайт (фото)

Turmush -  Кант шаарынын 22 жаштагы тургуну Кристина Баева ар кандай оюнчуктарды, 3D сандарын, чоң момпосуйларды жана башка буюмдарды жасап сатат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Мен кол өнөрчүлүк менен 2 жылдан бери алектенип келем. Сүйүү күнүнө карата кардарларыма өзгөчө жүрөк белгилерди жасап көрдүм. Тааныштарым, досторум жакшы кабыл алып буйрутма бере башташты. Мындан сырткары оюнчуктарды, 3D сандарын, чоң момпосуйларды жана башка буюмдарды жасап сатып келем. Ошондой эле, кичинекей балдардын майрамы өтө турчу бөлмөнү, имараттарды да кооздоп, жасалгалоо менен алектенем. 23-февралга карата танктын формасын жасап, анын ичине суусундук салып сатамын. Баалары 400 сомдон 800 сомго чейин барат», - деди ал.

Кристина Баева 1996-жылы Кант шаарында төрөлгөн. Ал үй-бүлөлүү, бир баланын энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×