Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Чүй облусу 24.02.2018 14:05

Чүйдүн эки районундагы мектеп директорлору «Достук» спорттук мелдешинде күч сынашты (фото)

Turmush -  Чүйдүн Москва жана Ысык-Ата райондорундагы мектеп директорлор арасында спорттук мелдештер өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Ысык-Ата районунун билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Болот Иманалиев билдирди.

Маалым болгондой, кечээ, 23-февраль — Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата «Достук» спорттук мелдеши өтүп, анда мектеп директорлору волейбол, кичи футбол, шахмат жана теннис боюнча беттештерде өздөрүнүн күчүн сынашты. Экинчи жолу өткөрүлүп жаткан турнирдин негизги максаты — эки райондун ортосундагы ынтымакты жана биримдикти бекемдөө. Бул мелдешке жалпы 25 мектептин директорлору катышты. Эми кийинки турнир март айында уюштурулат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×