Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Чүй облусуЧүй району 24.02.2018 11:14 На русском

Айыл турмушу: Ж.Бектурсунова жетектеген «Үлгү» апалар тобу пенсияларына тигүү цехин ачышты (фото)

Turmush -  Чүй районунун Кара-Дөбө айылынын 68 жаштагы тургуну Жумакан Бектурсунова 2003-жылдан бери аялдар уюмун жетектеп келет. Ал айылдагы пенсия курактагы аялдардын башын бириктирип, илгерки кол машина менен кыздын себин жасап, киреше табышууда. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Жумакан Бектурсунова мындан тышкары коомдук бирикменин да төрайымы болуп эмгектенет.

«Мен айылдагы коомдук, маданий жана башка иштердин баарына активдүү катышып келем. Айылыбыздагы эски маданият үйүн айыл өкмөт менен биргеликте оӊдоп-түзөп, ага ыраматылык жолдошум Эсенгул Казыбаевдин ысымын ыйгарганбыз. Былтыр ал жерде көптөгөн иш-чаралар өттү. Биз быйыл Аймактарды өнүктүрүү жылына карата айылдагы пенсия курактагы 4-5 аялдар биригип, аталган маданият үйүндөгү 2 бөлмөгө тигүү цехин ачып, иштеп жатабыз. Ал эки бөлмөнү айыл өкмөт башчыбыз бөлүп берген. Илгерки тигүү машинкалар менен мурунку курактарды, кыздын себин жасап жатабыз. Тикмечилик ишин Күлипа Алапаева, мен болсо уюштуруу жагын камсыздап келем. Биздин команда "Үлгү" апалар тобу деп аталат. Алгач өзүбүздүн пенсиябыз менен ишти баштаганбыз. Мындан сырткары демөөрчү тапсак, айылдагы өзүбүздүн бош дүкөндү оңдоп, бир жагына сүт иштетүүчү, экинчи жагына тигүү жана үчүнчү жагына жыгач устачылык иши боюнча цех ачалы деп кеңешип жатабыз. Буюрса бул ишти да жандандырабыз деп ойлойм. Ошондой эле, кароо-сынактарга катышып, эл алдында ар түркүн таланттарыбызды көрсөтүп, ырдап, бийлеп сыналгыга чейин чыгып жүрөбүз», - деди ал.

Жумакан апа демөөрчү таап, айылдагы китепканага 220 китеп алып келген. Ал 1950-жылы Чүй районуна карашту Кара-Дөбө айылында төрөлгөн.

«Атам Бектурсун Алиев өз кезегинде акын, санжырачы болгон. Апам Токтобүбү кызылчада көп жыл эмгектенген экен. Өзүм 5 бир тууган элек, андан үчөөбүз калдык. Улуу эжем элге таанымал, 1975-жылдары Жогорку Кеӊештин депутаты болгон. Ленин орденинин ээси жана учурда ардактуу эс алууда. А, мен болсо китепканачы кесибинин ээсимин. Кийин эле ар түрдүү тренинг-семинарларга катышып, учурда лидерлик өнөрдү жакшы өздөштүрдүм.

Жолдомуш 2006-жылы оорудан улам кайтыш болгон. Экөөбүз 5 балалуу, 18 неберелүү жана 2 чөбөрөлүү болдук», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×