Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Чүй облусу, Кара-Балта 23.02.2018 12:55

Кара-Балтада темир жол коопсуздугун сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүрдү (фото)

Turmush -  Кара-Балта шаарында окуучуларга темир жол коопсуздугун сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга ШИИБдин Кара-Балта бекетинин линиядагы ага тескөөчүсү Сооронбеков Касымбек билдирди.

«Кара-Балта шаарындагы №1 орто мектебинде темир жол башкармалыгынын өкүлчүлүктөрү менен биргеликте темир жол коопсуздугун сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ага Жайыл райондук өспүрүмдөр менен иштөө инспекциянын кызматкерлери да катышып, коопсуздукту сактоо боюнча окуучулар менен пикир алмашты», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×