Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Чүй облусуСокулук району 23.02.2018 13:15

Акимдин кубогунда оор жаракат алган көк бөрүчү: Үзөңгүгө буту илинген Робертти ат бир топ жерге чейин сүйрөгөн (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районунда өткөн көк бөрү боюнча акимдин кубогунда оор жаракат алган спортчуга акчалай жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Токтобүбү Ракимбаева билдирди.

«Окуя 25-январда болгон. Жабырлануучу, Гавриловка айылынын 29 жаштагы тургуну Мунарбек уулу Роберт абдан жакшы оюн көрсөтүп жаткан. Ал казандын үстүнөн ат менен секирип, улакты таштагандан кийин аны ат сүйрөп кетти. Спортчу бир топ жерге чейин сүйрөлүп барып, бут кийими чечилип аттан бошонгон болчу. Биз оюндун алдында тез жардам кызматын чакырып койгонбуз. Дароо тез жардам кызматы менен ооруканага алып барып, дарыгерлерге көрсөттүк. Андан соӊ Бишкек шаарындагы ооруканага алып кетишти. Ал жердеги ооруканадан 3-4 күндөн кийин эсине келди. Биз күнүгө маалымат алып турдук. Ата-энеси, келинчегине да жолуктук. Алар да «уулубуз абдан кыйын улакчы, эми кырсак экен, сабыр кылып туралы» дешти. Бул баланын 3 кызы бар. Биздин аким 10 миӊ сом бөлүп берди. Учурда спортчунун абалы жакшы болуп келе жатат», - деди ал.

Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Медербек Чынарбековдун айтымында, жаракат алган спортчуга 20 миң сом берилет.

«Айылдык кеӊештин депутаттарынын чечими менен айыл өкмөтүбүздүн атынан жаракат алган спортчуга 20 сом каралды», - деди ал.

Жабырлануучунун жубайы Айнура жолдошу Сокулуктагы эӊ мыкты жана күчтүү оюнчулардын бири экендигин айтты.

«Жолдошум көзүн ачты, бирок эсине келе элек. Бир аз жылыш бар. Күндөн күнгө оӊолуп келе жатат. Кудайым жардам берсе, жакшы болуп кетет. Жолдошум казанга улакты таштап, аны аты менен чогуу аттап секиргенде, аттын буту казанга илинип, экөө тең жерге жыгылышкан. Бирок жолдошумдун бир буту үзөңгүгө илинип калып, ат Робертти бир топ жерге чейин сүйрөп кетиптир. Аны сүрөп бара жаткан атты токтотобуз деген оюнчулар кокусунан жолдошумду тебелеп да кетиптир. Кудай сактады. Роберт Сокулуктагы эӊ мыкты жана күчтүү оюнчулардын бири. Көк бөрү оюнун ушунчалык жан дили менен берилип ойнойт», - деди ал.

Спортчу Мунарбек уулу Роберт 1989-жылы Сокулук районунда төрөлгөн.

Буга чейин Turmush басылмасы Сокулук районунун Гавриловка жана Төш-Булак айылдарынын көк бөрүчүлөрүнүн мелдешинде 28 жаштагы спортчу оор жаракат алгандыгын маалымдаган.

Күбөлөрдүн айтымында, оюн мындан 1 жума мурда болгон.

«Гавриловканын тайпасы Сокулуктагы эң алдыңкы тайпалардын бири. Ошол күнү жабыр тарткан 28 жаштагы Р.М. минген аты тайказанга чыгып кетип, өзү башы менен урунуп, атка сүйрөлүп калды. Кырсык көз ачып-жумганча болуп кетти. Учурда ал Бишкек шаарында ооруканада, башынан операция болду деп уктук», - деди алар.

Бул окуянын болгондугун айыл өкмөттүн кызматкерлери да тастыктап, жакын арада жергиликтүү кеңештин депутаттары бюджетти бекитсе жабыр тарткан көк бөрүчүгө акчалай жардам көрсөтүлөрүн билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×