Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Чүй облусу, Кант 23.02.2018 10:52

Канттык тургундарга Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата бекер концерт көрсөтүлдү (фото)

Turmush -  Кант шаарындагы А.Тойтоев атындагы маданият үйүндө район тургундары үчүн 23-февраль — Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын атактуу ырчылары чоӊ программада концерт беришти. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

«Бүгүн Мекенди коргоочулар күнүнө карата Кант шаарында салтанаттуу иш-чара уюштурулду. Иш-чаранын алкагында райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Мидин Алыбаев жалпы мекен коргоочуларды майрамы менен куттуктады. Операнын солисттери дүйнөлүк романстарды, классикалык чыгармаларды жана аскердик ырларды тартуулашты. Концерт акысыз болду», - деп билдиришти райондук акимчиликтен.

Аталган концерттик программаны көрүү үчүн эки жүздөн ашык шаардык тургундар келишкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×