Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Чүй облусуЖайыл району 22.02.2018 17:12 Жаңыланды: 22.02.2018 19:02 На русском

Жээнин күйүүчү май ташыган унаа сүзгөнүн уккан жайылдык аял жүрөк оорусу кармап каза болду (фото)

Turmush -  Жол кырсыктын кесепетинен 12 жаштагы Гүлмира оор жаракат алып, райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөнүн уккан таенеси жүрөк оорусу кармап каза болду. Ал дагы аймактык оорукананын кардиология бөлүмүндө дарыланып жаткан, деп билдирди аймактык кабарчы.

Кечээ, 21-февралда болжол менен саат 16:00 чамасында Бишкек — Чалдовар унаа жолунун 68-чакырымында Бишкек шаарын көздөй жүрүп бара жаткан күйүүчү май ташуучу унаа жолдон чыгып, чиркегичи оодарылып, 15 тонна мазут төгүлгөн. Жол-транспорт кырсыгы катталган жерге жакын турак үйлөр жайгашкан. Аталган кырсык учурунда 12 жаштагы К.Гүлмира жолдон өтүп бара жаткан.

Жол кырсыктын кесепетинен оор жаракат алган өспүрүм кыз Жайыл райондук аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Ал эми кыздын 66 жаштагы таенеси бул учурда аталган оорукананын жүрөк оорулар бөлүмүндө дарыланып жаткан.

«Бизге маалым болгондой, 12 жаштагы кыз оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Анын абалы оор. Анын таенеси ооруп жаткан болчу. Жээн небересин укканда жүрөк оорусу кармап каза болду», - деди Гүлмиранын айылдаштары.

Бир күндө эки оор кырсыкты башынан өткөргөн үй-бүлө материалдык жардамга муктаж. Мындан улам айылдаштары 66 жаштагы аялды жерге берүү үчүн каражат чогултуп, кайрымдуу адамдардан жардам сурап жатышат. Алардын айтымында, бул үй-бүлөнүн эч кандай дыйкан же мал чарбачылыгы болгон эмес, алар балдарга чектелүүчү жөлөк пул (2 миң сом) менен жашап келишкен.

«Бул аял кызы жана 4 небереси менен анча чоң эмес үйдө жашачу. Жол кырсыгына кабылган Гүлмира үй-бүлөнүн экинчи баласы. Анын атасы мындан бир нече жыл мурун жолдон өтүп бара жатканда унаа сүзүп каза болгон», - деди ал.

Ошондой эле, айыл тургундары 15 тонна мазут төгүлгөн жерде эч кандай иштер жүрбөй жаткандыгын, күйүүчү продуктулардын бөлүгү арыкка куюлганын кошумчалашты.

«Ал арыктагы сууну эл сугатка жана тамак-ашка колдонушат. Бул жерде суу түтүктөрү жок», - деп билдиришти тургундар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×