Бөлүмдөр
Ишемби, 23-июнь
Чүй

Кеминде кызыл китепке кирген сүлөөсүндүн 10 айлык баласы табылды (фото)

Turmush -  Мамэкотехинспекциянын адистери тарабынан сүлөөсүндүн болжол менен 10 айлык баласы табылды. Адистердин айтымында, жаныбар буга чейин айыл тургундары тарабынан колго багылышы мүмкүн, деп билдирди ведомствонун басма сөз кызматы.

Мамэкотехинспекциянын экологдоруна Кемин районунун Тар-Суу айылынын тургуну Кемин суусунун боюнан кызыл китепке кирген сүлөөсүндүн баласын таап алгандыгы тууралуу кабарлаган. Инспекторлор текшерүүгө алганда жаныбардын оң көзү жабыркагандыгы аныкталды. Учурда Мамэкотехинпекциянын экологдору тарабынан тийиштүү актылар толтурулуп, мамлекет тарабынан коргоого алынган жаныбардын баласы «Бугу эне» коомдук фондуна өткөрүлүп берилди.

Кызыл китепке кирген жаныбарларга аңчылык кылууга, үй шартында кармоого, багууга тыюу салынат. Ошондой эле, мамлекеттин коргоосундагы жаныбарларга кыянаттык кылгандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1095
Көп окулду
×