Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-сентябрь
Чүй облусуАламүдүн району 22.02.2018 11:06 На русском

Ат-Башы каналына жеңил унаа кулап, өрттөнүп кетти

Turmush -  Ленин районундагы Ат-Башы каналына кечээ, 21-февралда жеңил унаа кулап кетти. Бул жол кырсык боюнча териштирүү иштери башталганын АКИpress агенттигине бүгүн, 22-февралда ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган түзүмдүн маалыматына караганда, саат 08:00 чамасында 29 жаштагы Е.С. «Тойота Камри» үлгүсүндөгү унааны Курманжан датка көчөсүндө башкарып бара жаткан. Айдоочу Ат-Башы каналы аркылуу өтүп бара жатып, башкаруусун жоготуп, унаа оодарылып кеткен. Андан кийин унаа өрттөнгөн.

Жол кырсыктын кесепетинен айдоочу жана жүргүнчүлөр — 33 жаштагы О.А., 22 жаштагы Б.В. ар кандай жаракат алып, медициналык мекемеге кайрылган.

РИИБдин нөөмөттөгү кызматкерлери окуя болгон жерге барып, өрт өчүрүү бөлүмүнө билдирген. Топтолгон материалдар Аламүдүн РИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Буга чейин ӨКМ автоунаа даракты сүзгөндөн кийин каналга түшүп кеткенин маалымдаган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×