Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 25.02.2018 12:00

Эл ичи — өнөр кенчи: К.Түкешов төкмө акын А.Кутманалиевдин комузун сындырып, бул кылыгын ага кошок менен угузган (фото)

Turmush -  Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылынын 26 жаштагы тургуну Кубат Түкешов белгилүү төкмө акын Амантай Кутманалиевдин комузун сындырып алып, бул кылыгын ага кошок кошуп угузган. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Кубат Түкешов учурда өзү да чыгармачылык менен алектенип, белгилүү төкмө акындардан өнөр үйрөнүп келет.

«Жумуш үстүндө, чыгармачылык жашоодо күлкүлүү окуялар көп болот. Алардын бири — Амантай Кутманалиевдин комузун сындырып алып, бул кылыгымды кошок кошуп угузганым.

Армандуу салам үнүмдү,
Ак комуз мойну бугулду.
Амантай устат кайрат кыл,
Амалсыз кыйын күнүмбү?
Стулдун чети кырс этти,
Комуздун мойну тырс этти.
Кармай албай күлкүсүн,
Акындын баары бырс этти!
Ажалдын жолу кууш экен,
Амалсыз күнүм туш экен.
Айла жок эмне кылайын,
Армандуу дүйнө ушу экен - деп ырдасам Амантай устат бир нерсе сезгендей, "комузум кана?" деп сурады. Сынган комузун берсем жылмайып, "эч нерсе болбойт" деп айкөлдүк мүнөзүн салды», - деди ал.

Төкмө акын 1992-жылы Нарын облусуна караштуу Ат-Башыда районунда төрөлгөн.

«Курама темир курч дегендей, жети атам жаткан жер Жумгал болот, төрөлгөн жерим — Ат-Башы. Чоӊойгон жерим — Сары-Өзөн, тактап айтканда Чүйдүн Станция Ивановка деген айылы болот. Дал ошол Станция Ивановка айылынын орто мектебин аяктап, кийин Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин эл аралык байланыш факультетин аяктап алдым. Маданият чөйрөсүнө 2011-жылдын 20-январында саат 11:08де Аалы Туткучев устатым аркылуу аралаша баштадым. Жакында эле келинчегим экөөбүздүн биринчи уулубуз төрөлүп, кубанычым койнума батпай турган кезим», - деди ал.

Жаш акын эл аралык, республикалык айтыштарда байгелүү орундарга жетип, бир топ сыйлыктарга татыган.

«Кыргызда "Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат" дейт. Жетимиш өнөрдү аркалабасам да комуз чертип, ырдап, айтышка чыгып, санат-термелерди аткарып жүрөбүз. Ошондой эле маанайым жакшы болсо үй тиричилигин мыкты жасап, уй саап да жиберем. Спорт жактан стол теннисин, футбол жана волейболду мыкты ойнойм», - деди төкмө акын.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×