Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Чүй облусуЫсык-Ата району 20.02.2018 12:51

Ысык-Атанын Киргшелк орто мектебинин окуучулары корей тилин акысыз үйрөнүп жатышат (фото)

Turmush -  Ысык-Ата районундагы Киргшелк орто мектеби Корей Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин алдындагы Билим берүү борбору менен иш алып барып, окуучулар корей тилин акысыз үйрөнүп жатышат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган мектептин директору Нүргүл Абидинова билдирди.

Аталган мектеп 1976-жылы курулган.

«Мектеп 1976-жылы 360 окуучуга ылайыкталып курулган. Мектепте кыргыз жана орус класстары бар. Биз райондогу ар бир сынактарга катышып, алдыңкы орундарга илинип келебиз. Жакында эле болуп өткөн мектептер аралык предметтик олимпиадада 4 байгелүү орундарга ээ болдук.

Окуучулар үчүн 22 компьютер жана интернет менен жабдылганбыз. Ошондой эле бизде комуз, тарых боюнча "Мурас", кыргыз тили, бий ийримдери иштейт. Ар бир чейрек сайын ийримдер өзүнүн жасаган иштеринин жыйынтыгын чыгарып турушат.

Люксембург айыл өкмөтү менен тыгыз иш алып баруу менен быйылкы окуу жылында 20 миӊ сомго мектептин от казандарын оӊдоттук. Ошону менен бирге быйылкы жылы айыл өкмөт тарабынан ашканабыз толук оӊдоп-түзөөдөн өткөнү турат. Мындан сырткары Корей Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин астындагы Билим берүү борбору менен иш алып барабыз жана окуучуларыбыз корей тилин акысыз үйрөнүп жатышат», - деди ал.

Учурда мектепте 420 окуучу билим алып, ал эми аларга 29 мугалим билим-тарбия берип келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×