Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Чүй облусуАламүдүн району 20.02.2018 12:20 На русском

Көк-Жардагы үйгө жер төлөдөн киргендер 122 миң доллар жана 450 миң сом уурдап кетишти

Turmush -  Чүй облусунда уурулардын тобу кармалды, деп билдирди ОИИБдин басма сөз кызматы.

Аталган түзүмдүн маалыматына караганда, Аламүдүн РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө 7-февраль күнү Көк-Жар айылындагы үйдө уурулук катталганы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Ыкчам тергөө тобу 68 жаштагы жергиликтүү тургун Т.М.нын үйүнө белгисиз адамдар киргенин аныктады. Жер төлө аркылуу кирген шектүүлөр 3-кабатка чыгып, сейфти талкалап, 122 миң доллар жана 450 миң сом уурдап кетишкен.

Аталган факты боюнча тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексиндеги 164-берененин (уурулук) негизинде кылмыш иш козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Күбөлөр суралып, кинологиялык борбордун кызматтык издөө иттери тартылды. Алар шектүүлөрдүн изине түшүп, бирок чоң жолго жакын жерде жоготуп алышкан.

Чүй ОИИБдин жана Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери кечээ, 19-февраль күнү аталган кылмышка шектүү деп Бишкек шаарынын 1998-жылы туулган тургуну К.И.ни кармады. Кийинчерээк дагы эки шектүү — 1991-жылы туулган Д.В. жана 1994-жылы туулган А.Н. колго түшүрүлдү. Алар Кара-Балта шаарынын тургундары экени аныкталды. Негизги шектүүнүн үйүн тинтүү учурунда 40 миң сом жана 20 миң АКШ доллары табылды.

Тергөөнүн жүрүшүндө кармалган жарандардын дагы бир уурулук фактысына тиешеси бар экени аныкталды. Алар Лебединовка айылынын аймагында алтын жасалгаларды уурдаган.

Шектүүлөр Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, тергөө иштери улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×