Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 19.02.2018 15:57 Жаңыланды: 19.02.2018 16:34

Кара-Балта шаардык кеңешинин төрагасы болуп экс-прокурор шайланды (фото)

Turmush -  Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттары бүгүн, 19-февралда төрагасын шайлашты, деп билдирди аймактык кабарчы. Шаардык кеңештин 29-чакырылышындагы депутаттар 2018-жылдын 28-январында шайланган болчу.

Бүгүнкү сессия БШКнын Жайылдагы атайын өкүлү Н.Жумабаева жана Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын төрайымы Т.Бешкемпированын катышуусунда өтүп жатат. Салт боюнча алгачкы сессияны эң улуу депутат Ольга Архипова ачып, 31 эл өкүлү чогулганы маалым болду.

Ал эми, төрагалыкка 40 жаштагы Алмаз Аалыев («Мекеним Кыргызстан») жалгыз талапкер болуп катталган. Ал фискалдык жана укук оргоо органдарында, Чүй облусунда прокурор болуп эмгектенген. Учурда убактылуу бош. Үй-бүлөлүү, 5 баланын атасы.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында ал төрага болуп шайланды. Жалгыз талапкерди 31 депутаттын ичинен отузу колдоп, бир бюллетень жараксыз болуп калды. Ошондой эле, төраганын орун басары болуп Болотбек Исмаилов (КСДП) жана Эрмек Назарбеков («Элдик-Народная») шайланды.

Бүгүнкү сессияда шаардык кеңеште «Ынтымак» көпчүлүк коалициясы да түзүлүп, ага КСДПдан 12 депутат, «Мекеним Кыргызстан» партиясынын 7 эл өкүлү кирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×