Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Чүй облусуАламүдүн району 19.02.2018 11:12

Аламүдүндө жаңы төрөгөн келин ымыркайды баштыкка салып, кароосуз калтырып койгон (толукталды)

Turmush -  Чүйдөгү Аламүдүн районунда жаңы төрөгөн 32 жаштагы келин баласын кароосуз калтырып, ымыркай (эркек бала) чарчап калган.

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, бүгүн, 19-февралга караган түнү саат 01:30 чамасында нөөмөт бөлүмгө Чыгыш айылындагы ферманын кызматкери (эркек киши) жардам сурап кайрылган. Ал 1986-жылы туулган С.Д. фермада төрөп, ымыркайды баштыкка салып, дивандын алдына таштап койгонун билдирген. Ымыркай куткаруучулар жеткенге чейин чарчаган.

Келин ооруканага жеткирилип, окуянын чоо-жайы такталып жатат.

Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы аталган аял иштеген «Александр» мал багуучу фермасынын кызматкерлери менен байланышып, окуяны сураштырды.

«Бул аял бизге жумушка күз мезгилинин аягында келген. Фермада ал жумуртка чогултуп иштечү. Көп өтпөй фермадагы жумушчулар андан "боюӊда барбы?" деп сурашканда, ал "жок, мен мурун курулушта иштеп, белимден жаракат алып ошонун айынан ичим чоӊоюп кетти" деп койгон.

Окуя болгон күнү анын өзүн жаман сезип жатканын байкап, ооруканага алып бардык. Ооруканадан ал аялдын төрөгөнүн билдиришти. Биз таңгалып калдык. "Каякта төрөдүӊ?" десек "дааратканада" деп айткан. Биз ал айткан даараткананы тинтип карадык. Ага чейин милицияны да чакырып койгонбуз. Алар келип, бардык жерди карап, дивандын бурчунан баланы таап алышты. Бул аялдын үй-бүлөсү бар экенин билбейбиз», - деп билдиришти жумушчулар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×