Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-сентябрь
Чүй облусуКемин району 16.02.2018 13:59

Кеминдин Кызыл-Октябрь айылындагы окуучулар Ооган согушунун ардагерлери менен жолугушту (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Кызыл-Октябрь айылында окуучулар Ооган согушунун ардагерлери менен жолугушту, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, иш-чара келечек муундарды мекенчилдикке үндөө жана Ооган согушунун ардагерлерин сыйлоо максатында өткөрүлдү. Иш-чарага жергиликтүү бюджеттен 30 миң сом бөлүнүп, майрамдык дасторкон уюштурулган.

Аталган айылда Ооган согушуна катышкан 10 ардагер каттоодо турат. Алардын ар бирине 1 500 сомдон белек тапшырылды.

Ооган согушунун ардагерлеринин тизмеси:

- Аракеев Канатбек;

- Жумалиев Кенжебек;

- Сыдыков Жаныбек;

- Султанов Казбек;

- Субанов Жолдошбек;

- Шабданалиев Аскарбек;

- Ажымамбетов Мыктыбек;

- Калдыбаев Болотбек;

- Салыбаев Кубанычбек;

- Жусупов Аскат.

Ардагерлер иш-чаранын жыйынтыгында айыл өкмөткө жана уюштуруучу Бактыгүл Рысалиевага ыраазычылык билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×