Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Чүй облусу, Токмок 15.02.2018 18:55 На русском

Буранада сабалып өлтүрүлгөн таксист: Маркумдун апасы үйүнөн ажырап, батирде жашап жатат (фото)

Turmush -  Токмок шаарындагы Бурана комплексинин жанында белгисиз адамдар тарабынан сабалып өлтүрүлгөн таксинин айдоочусунун 67 жаштагы апасы Жумабүбү Жээнбаева уулу менен акыркы жолу аталган окуядан 4-5 күн мурун жолукканын аймактык кабарчыга билдирди.

Жумабүбү Жээнбаеванын айтымында, уулу Токмок шаарында 1980-жылы төрөлгөн. Ал үй-бүлөсү менен өзүнчө жашачу. Ал эми өзү батирде турчу.

«Ошол окуядан 4-5 күн мурун жолукканбыз, мага тыйын-тыпыр берип жатып, "эми куруучу болуп иштебейм, такси кызматына айдоочу болуп орноштум" деп айтып калды. "Мурдагы эле жумушуӊда иштебейсиӊби" деп айткам. Ал үйлөрдү заманбап стилде жасалгалап иштечү. Ортодон ушундай окуя болуп кетти.

Мен Токмокто өмүр бою заводдо иштедим», - деди ал.

Жумабүбү Жээнбаева маркум уулу 5 айлык боюнда кезинде жолдошу менен ажырашып, баласын өзү жалгыз багып чоңойткон.

«Уулум менен атасы катышпай жүрүп, 3-4 жыл мурун катышып калышкан болчу. Мени балам багып жаткан. Эми мени ким багат? Эки көзүм көрбөй, пенсиям менен эптеп жанымды багып жатам. Катуу суукта ушул батирде жашадым. Үшүдүк, кыйналдык. От жагылбайт, жылыткыч менен эптеп отурабыз. Ушул кичинекей неберем менен жалгыз жашайм. Бул (жанындагы наристени көрсөтүп) жээн неберем болот. Батирге 2 миӊ сом, электр жарыгына 1700 сом, сууга 200 сомдой чыгып келип, булардын баарын төккөндөн кийин азык-түлүккө пенсиям жетпей калып жатат.

Уулум каза болгондон кийин кылмышка шектүүлөрдүн жакындары келип, менин абалымды сурап коюшкан жок. Тергөөчүлөргө туугандарымдын коштоосу менен барып, арызымды таштап келгем. Тергөө иши калыс болоруна ишенбей турам. Тергөө иши жүрүп жатат деп айтып жатышат. Бирок кандай жүрүп жатканы белгисиз. Калыс жана адилеттүү болсо эле болду», - деди ал.

Окуя тууралуу:

Токмок шаарындагы Бурана комплексинин жанында таксинин айдоочусун өлтүрө сабап кетүүгө шектүү делип 22 жаштагы жигит кармалган. Чүй ОИИБдин маалыматына караганда, Чүй РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө 26-декабрь күнү саат 03:30 чамасында аймактык ооруканадан денесинен көп жаракат алган 3 эркек киши түшкөнү тууралуу билдиришкен.

Окуя болгон жерге Чүй РИИБдин ыкчам иликтөө тобу жиберилип, алар жаракат алган адамдардын өздүгүн тактаган. Алар: Токмок шаарынын 37 жаштагы тургуну Н.С., ушул эле шаардын 21 жаштагы тургуну Р.Б. жана Чүй районунун 18 жаштагы тургуну Н.А. болгон. Жабырлануучулар Токмок шаарындагы жеке фирмалардын биринде таксинин айдоочусу болуп иштеп жатышкан.

Окуянын кесепетинен алган оор жаракатынан улам 37 жаштагы Н.С. ооруканада көз жумду.

Чүй ОИИБдин кызматкерлери алдын ала териштирүүнүн жүрүшүндө 26-декабрда саат 02:40 чамасында таксиге чакыруу түшүп жана анын айдоочусу тааныштары менен Чүй айылына барганын аныкташты. «Алар чакыруу түшкөн жерге келгенде Бурана комплексинин жанында белгисиз адамдардын тобу турган. Болжол менен 20-25 жаштагы азиат түспөлүндөгү жигит аларды кемсинтип, андан кийин топтогу эки адам сабап баштаган. Таксинин айдоочусу коркунучту билдирүүчү баскычты басканга жетишкен. Топтогу адамдардын бири аларга качып кетүүгө жардам берген», - деп айтылат маалыматта.

Кийинчерээк белгилүү болгондой, окуя болгон жерге айдоочунун кесиптештери жардам берүү үчүн барышкан. Бирок алар жеткенде таксинин айдоочусу жалгыз болгон. Шектүүлөр аны катуу ур-токмокко алган.

Чүй ОИИБдин кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүүлөрдүн бирин кармады. Ал 22 жаштагы жергиликтүү тургун К.У. экени белгилүү болду.

Аталган факты Чүй РИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренесинин 4-бөлүмүнүн (саламаттыкка атайлап оор залал келтирүү, жабырлануучунун өлүмүнө алып келүү) негизинде кылмыш иш козголгон. Расмий маалымат боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×