Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-сентябрь
Чүй облусуПанфилов району 15.02.2018 17:11 На русском

Өкмөт башчы Панфиловдун акимин кызматтан алууга сөз берди

Turmush -  Премьер-министр Сапар Исаков Чүйдөгү Панфилов районунун акимин кызматтан алууга сөз берди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүн, 15-февралдагы пленардык отурумунда айтты.

Эл өкүлү Бактыбек Райымкуловдун («Республика — Ата Журт») сынына жооп берген өкмөт башчы: «Ал акимди кызматтан бошотобуз. Сиздерге сөз берем», - деди.

Депутаттын айтымында, кечээ, 14-февралда Каптал-Арык айылында суу каптоо коркунучу жаралганда акимге жана анын орун басарына да байланыша албай койгон. «Бизге мындай акимдин кереги барбы? Министр Боронов (өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов) түнү менен өзү күрөк көтөрүп жүрдү», - деди депутат.

Панфилов райондук мамлекеттик администрациясын 2017-жылдын жайы айынан бери Дамир Кулубаев жетектейт.

Панфилов районунун акими  Дамир Кулубаев

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×