Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-сентябрь
Чүй облусуКемин району 15.02.2018 09:43

Кичи-Кемин айылындагы бала бакчага жылытуу системасы орнотулду (фото)

Turmush -  Кемин районуна караштуу Кичи-Кемин айылындагы «Ак-Тилек» бала бакчасына жылытуу системасы орнотулду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган бала бакчадан билдиришти.

Маалым болгондой, бала бакчага жылытуу системасын орнотууга Кемин өнүктүрүү фондунан 2 млн сом, «Safe children» долбоорунан 1,5 миң доллар, айыл өкмөтүнөн 60 миң сом бөлүнгөн. Ошондой эле, айылдык демөөрчүлөр бала бакчанын ичине даараткана, жунуучу жай орнотуп беришти.

Учурда бала бакчанын жалпы жамаатында 20 адам эмгектенет, 4 тайпада 120 бала тарбияланат. Буга чейин аталган бала бакчада жылытуу системасы жана суу жок болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×