Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Чүй облусуМосква району 13.02.2018 23:02

Айыл турмушу: Курут сатып киреше тапкан 27 жаштагы С.Адылов улуттук азык-түлүктөрдү чет өлкөлөргө экспорттоону көздөп жатат (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Москва районуна караштуу Беловодск айылынын 27 жаштагы тургуну Сагындык Адылов таза сүзмөдөн жасалган куруттарды сатып киреше табат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, келечекте кыргыздын нукура тамак-аштарын, азык-түлүктөрүн чет өлкөлөргө экспорттоону көздөп жатат.

«Өзүм 1991-жылы Беловодск айылында төрөлгөм. Курут сатууну апам сунуштады. Ал Ош шаарына конокко баргандан кийин "сага курут салып жиберейин, сатып көрчү" деп калды. Мен бул сунушка макул болдум. Алгач куруттун 2 түрүн сатып баштадым. Башында кардарларды топтоо кыйынчылык жаратты. Андан кийин акырындык менен топтолуп баштады. Учурда мага Кадамжайдан таза сүзмөдөн жасалган куруттарды салып жиберишет. Азыр анын 6-7 түрүн сатам. Алардын арасында ышталган жана калемпир кошулган куруттар бар. Куруттардын курамына йоддолгон туз кошулуп жасалат. Бул куруттар атайын станоктун жардамы менен бирдей өлчөмдө чыгарылат. Курут сатып жатканыма 3 ай болду. Чүй облусунун аймагындагы, тактап айтканда Чалдовар айылынан баштап Токмок шаарына чейинки дүкөндөргө өткөрөм. Таза жана табигый азыктардан жасалган курут бааланат», - деди ал.

Жаш ишкер негизги максаты — жаштарга жумуш орундарын түзүп берүү экенин белгиледи.

«Алдыда көп максаттарды ишке ашырайын деп жатам. Улуттук азык-түлүктөрдүн сапатын жакшыртып, чет өлкөгө экспорттоону пландап жатам. Миллиондорду табуу башкы максатым эмес. Жаштарга жумуш орундарын түзүп берсем дейм. Эгер башкаларга кам көрсөң сенин да ишиң ошончолук жакшы болот», - деди ишкер.

С.Адылов юрист кесибинин ээси. Ошондой эле, ал спорт менен алектенет. «Буга чейин жергиликтүү базарларда жашылча-жемиш сатып, ишкерлик кылгам. Муну менен бирге жогорку окуу жайлардын биринде окуп, юрист кесибине ээ болдум. Бош убакта спорт менен машыкканды жактырам», - деди С.Адылов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×