Айрым аймактарда кар жаайт, - 14-февралга карата аба ырайы

Turmush - Эртең, 14-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым аймактарында кар жаашы мүмкүн. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт, деп билдирди Кыргызгидромет. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым аймактарында кар жаашы мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө
түнкүсүн 0...-5
күндүз 0...+5
Талас өрөөнүндө
түнкүсүн-1...-6
күндүз 0...+5
Ош жана Жалал-Абад облустарында
түнкүсүн -4...+1
күндүз +2...+7
Баткен облусунда
түнкүсүн 0...-5
күндүз +2...+7
Ысык-Көл облусунда
түнкүсүн 0...-5
күндүз -1...+4
Нарын облусунда
түнкүсүн -15...-20
күндүз -5...-10
Бишкек жана Ош шаарларында мезгил-мезгили менен кар жаашы мүмкүн. Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн 0...-2 градус, күндүз +2...+4 градус болот. Ош шаарында абанын температурасы түнкүсүн 0...-2 градус, күндүз +4...+6 болот.