Бөлүмдөр
Ишемби, 26-май
Чүй

Чүйдө интимдик мамиле сунуштаган таанышына бычак сайган 57 жаштагы аял 5 жылга кесилди

Turmush -  Москва райондук соту таанышына (эркек киши) бычак сайган 57 жаштагы Анфисанын (ысымы өзгөртүлдү, З.А.) кылмыш иши боюнча чечим чыгарды. Бул тууралуу соттун 2017-жылдын 31-октябрындагы токтомунда айтылат.

Маалыматка караганда, шектүү буга чейин бир нече жолу соттолгон. Ал 2017-жылдын 19-июнунда Беловодск айылындагы үйлөрдүн биринде Артем (аты өзгөртүлдү, А.Л.), Динара (аты өзгөртүлдү, К.Д.) жана Виктор (аты өзгөртүлдү, Ш.В.) аттуу тааныштары менен спирт ичимдиктерин ичкен. Соттолуучу түшкү тамак жасоого даярданып жатканда Виктор келип, интимдик (оралдык) мамиле сунуштаган. Бул сунушту уккан Анфиса таанышын ашкана бычагы менен сайып жиберген.

Соттолуучунун айтымында, 17-июнь күнү курбусу Динара менен Артем аттуу таанышыныкына барган. 19-июнда ал үйгө Виктор да келген. Аталган күнү саат 12:00 чамасында Динара азык-түлүк жана арак алып келип, аны ичип башташкан. Андан кийин Анфиса түшкү тамак жасоо үчүн картошка аарчып жатканда мас абалдагы Виктор келип, ачка болгонун айткан. «Мен күтүп туруу керектигин айттым. Ал интимдик мамиле сунуштады. Мен анын ичине бычак сайдым. Андан кийин Виктор диванга жатып, Динара жараатты сүлгү менен жаап койду. Тез жардам келип Викторду алып кетти. Мен үйгө келип кийимдеримди алып, жолго чыксам милиция кызматкерлери кармап кетти», - деп билдирди соттолуучу.

Ал эми, жабырлануучу Виктор билдиргендей, ал досунун үйүнө келгенде Анфиса да ал жерде болгон. Алар Динарага телефон чалып, арак ала кел деп айтышкан. Динара арак жана азык-түлүк алып келип, Анфиса түшкү тамак жасап баштаган. «Ал жерде экөөбүз уруша кеттик. Урушка эмне себеп болгону эсимде жок. Андан кийин Анфиса ичиме бычак сайып жиберди. Тез жардам келип, мени ооруканага алып кетти. Учурда соттолуучуга дооматым жок. Кылмыш ишти токтотууну суранам», - деди жабырлануучу.

Жыйынтыгында сот Анфисаны күнөөлүү деп таап, 5 жылга эркинен ажыратты. Ал жазасын соттолгон аялдардын абагында өтөмөй болду.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1725
×