Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Чүй облусу, Токмок 12.02.2018 10:31

Токмоктук мушкер Чыңгызхан Хорватиядагы мелдеште Европанын чемпиону аталды (фото)

Turmush -  Токмок шаардык №8 орто мектебинин 9-классынын окуучусу, мушкер Алмазбек уулу Чыңгызхан Хорватияда өткөрүлгөн мелдеште Европанын чемпиону болду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган мектептин директору Шайгүл Беккуева билдирди.

Алдын ала маалыматтарга караганда, Алмазбек уулу Чыңгызхан 2018-жылдын 6-февралында Хорватияга мелдешке кеткен.

«Бүгүн жакшы жаӊылыгын бизге кабарлады. Абдан сүйүнүп жатабыз. Биз окуучубуз менен сыймыктанабыз. Ал мектепте тартиптүү, токтоо, активдүү, жакшы окуган окуучу. Өзү 2015-жылдан бери спорттун кикбоксинг түрү менен машыгып келет. Кыргызстандын 2 жолку чемпиону, спорттун чеберине талапкер болгон. Бул окуучумдун апасы Кадырова Кенжегүл Казиевна ушул эле мектепте директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары болуп иштейт. Ошону менен бирге математика сабагынан билим берет. Чыңгызхандын үй-бүлөсү үлгүлүү үй-бүлө», - деди ал.

Алмазбек уул Чыңгызхан Токмок шаарында 2002-жылы 11-апрелде төрөлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×